Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:41

Франция: президенттик шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн саны аз


Франциянын кызматтан кетип жаткан президенти Франсуа Олланд добушканада, 7-май 2017-жыл.
Франциянын кызматтан кетип жаткан президенти Франсуа Олланд добушканада, 7-май 2017-жыл.

Францияда жекшембидеги президенттик шайлоонун экинчи айлампасында добуш бергендердин саны мурдагыдан аз. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдиргендей, жергиликтүү саат боюнча 17:00гө чейин шайлоочулардын 65 пайызы добуш берди. Бул көрсөткүч 2012-жылга (72%) салыштырмалуу 6 пайызга, 2007-жылга (75,1%) караганда 10 пайызга аз.

Францияда акыркы добушканалар жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дө жабылат. Шайлоонун экинчи айлампасында борборчул талапкер Эммануэл Макрон жана ашынган улутчулдардын лидери Марин Ле Пен ат салышууда.

Шайлоонун 23-апрелдеги биринчи айлампасында 11 талапкер ат салышып, шайлоочулардын 70% добуш берген. Шайлоо бекеттеринде сурамжылоо жүргүзгөн кызматтардын маалыматына караганда, Макрон добуштардын 24%, ал эми Ле Пен 22% ээ болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG