Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:32

Ооганстан: Кундуздагы кармаш элди качырды


Кундуз-Тахар автожолу, 7-май 2017-жыл.
Кундуз-Тахар автожолу, 7-май 2017-жыл.

Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Кундуз провинциясынын тургундары коопсуз жайга көчүп жатышат. Буга өкмөттүк күчтөр менен талиптердин ортосунда уланып жаткан катуу кармаш себеп болгонун "Норвегиянын качкындар кеңеши" 7-майда кабарлады.

Талиптер 6-майда Кундуз шаарынын батышындагы Кала-и-Зал районун ээлеп алышкан. Учурда шаардын бир канча аймагында кармаш уланып жатканы кабарланууда.

Кундуз шаары соңку 18 айда эки жолу кыска убакытка талиптердин көзөмөлүнө өтүп, кайра өкмөттүк күчтөр тарабынан бошотулган.

Апрель айынын соңунда Ооганстандагы "Талибан" жоочулары жазгы чабуулдарын баштаганын билдирген.

XS
SM
MD
LG