Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:31

Франция: президенттик шайлоону Эммануэл Макрон жеңди


Эммануэл Макрон
Эммануэл Макрон

Франциядагы президенттик шайлоону борборчул талапкер Эммануэл Макрон жеңди. BFMTV, "Кантар паблик" сыяктуу бир катар сурамжылоо компанияларынын жыйынтыктары көрсөткөндөй, 39 жаштагы мурдагы экономика министри Макрон добуштардын 65 пайыздан ашыгын алды.

Анын атаандашы ашкере-оңчул Марин Ле Пенге шайлоочулардын 34 пайыздан көбү добуш берди.

Өлкөдөгү бардык добушканалар бир канча мүнөт мурда жабылды. Шайлоонун экинчи айлампасында добуш бергендердин саны мурдагыдан аз болду. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдиргендей, жергиликтүү саат боюнча 17:00гө чейин шайлоочулардын 65 пайызы добуш берген. Бул көрсөткүч 2012-жылга (72%) салыштырмалуу 6 пайызга, 2007-жылга (75,1%) караганда 10 пайызга аз.

Франциядагы шайлоонун биринчи айлампасы 23-апрелде өткөн.

XS
SM
MD
LG