Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:14

Өкмөт башчы элди турак жайын камсыздандырууга чакырды


Сооронбай Жээнбеков бузулган үйлөрдү көрүп жүрөт.
Сооронбай Жээнбеков бузулган үйлөрдү көрүп жүрөт.

Бул тууралуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 7-майда Чоң-Алай районунун жер титирөөдөн жабыркаган тургундары менен жолугушууда билдирди:

- Бул сыноону сабырдуулук, кайраттуулук, эмгек жана биримдик менен жеңишибиз керек. Бул жакка чыгаарда президент менен да сүйлөштүм. Мамлекет башчыбыз баарыңыздарга салам айтты. Өкмөттө да кечээ Чоң-Алай боюнча, Өзгөн боюнча атайын эсеп ачылды. Бардык жардамдар берилет. Тиешелүү органдардын баары сиздер менен иштей баштайт.

Премьер-министр ошондой эле элди турак жайын камсыздандырууга чакырып, ушул максатта атайын мамлекеттик камсыздандыруу уюму түзүлгөнүн маалымдады. Анын айтымында, камсыздандыруунун бир жылдык төлөмү 600 сомдон башталат. Эгер камсыздандырылган турак жай жабыркаса, андай турак жайларга 500 миң сомго чейин кенемте төлөнүп берилет.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 7-майда Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн жабыркаган Кара-Тейит, Кара-Мык, Жекенди жана Шибээ айылдарына барды. Өкмөт башчы жергиликтүү тургундар менен жолугуп, табият кырсыгынан жабыркаган үйлөрдү, социалдык жана инфраструктуралык объекттердин абалы менен таанышты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG