Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:11

Чолпон-Атадагы ат майданда туристтер үчүн иш-чаралар уюштурулат


Ат майдан.
Ат майдан.

2016-жылы Көчмөндөр оюну өткөн жаңы ат майданда жайкы сезондо туристтер үчүн маданий иш-чаралар уюштурулуп турат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Маданият министрлигинин алдындагы туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жамангулов билдирди. Анын айтымында, көлгө саясакаттап туристтер үчүн кечинде барып эс алып, чер жазуучу жерлер жок:​

- Ошондуктан ат майданды бош калтырбай, туура пайдалануу максатында туристтер үчүн кечкисин маданий, чыгармачыл иш-чараларды өткөрүп турууну чечтик. Концерттик иш-чараларды өткөрүү үчүн чет өлкөлүк ырчыларды, Орусиянын КВНчилерин жана жергиликтүү ырчы-бийчилерди чакырып жатабыз.

Жамангуловдун айтуусунда, ат майданда өтүүчү маданий иш-чараларды жергиликтүү жана орусиялык жеке компаниялар каржылашмакчы.

Ысык-Көлдө туристтик сезон 7-майда расмий ачылды. (AsM)

XS
SM
MD
LG