Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:41

Францияда жеңишке жетишкен Эммануэл Макрон элине сый-урмат менен кызмат кылууга убада берди. Ал 7-май күнү кечинде Луврдун алдындагы аянтчада он миңдеген тарапкерлеринин алдына чыгып сүйлөдү. Макрон аянтка Евробиримдиктин гимнинин жаңыруусунда келди. Ал париждиктерге кайрылып, өзүнүн жана өлкөсүнүн алдындагы чакырыктарды түшүнөрүн, ага жооп берүүгө даяр экенин билдирди. Макрон ошондой эле атаандашы Марин Ле Пендин шайлоочуларын сыйлаарын айтты:

- Мен атаандашым Лен Пендин тарапкерлеринин пикирин сыйлайм. Мен үчүн Франциянын бардык жарандары бирдей. Алдыдагы беш жыл ичинде француздарда экстремизм үчүн добуш берүүгө себеп жоктугун далилдөөгө аракет кылабыз.

Франциянын жаңы шайланган президенти сөзүн "Мен сиздерге урмат-сый менен кызмат кылам! Жашасын Франция!" деп аяктады.

Эммануэл Макрон Франциядагы президенттик шайлоодо жеңишке жетишти. 39 жаштагы мурдагы экономика министри Макрон добуштардын 65 пайыздан ашыгын алды.
Анын атаандашы ашкере-оңчул Марин Ле Пенге шайлоочулардын 34 пайыздан көбү добуш берди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG