Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:05

Өзгөндө ондогон үйлөрдү жер көчкү каптады


Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагындагы Курбу-Таш жана Маркс айылдарынын ортосунда жүргөн жер көчкү акырындык менен жылып олтуруп, 7-майга карата 35 турак жайды басып калды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Ошону менен катар жер көчкү 35 электр мамысын басып калды.

ӨКМдин маалыматына караганда, аталган аймакта жалпысынан 61 турак жай бар.

Жер көчкү Шор-Суусун бөгөп калгандыктан, ал жерде учурда суу топтолууда.

Жалпы абал куткаруучулардын жана тиешелүү адистердин көзөмөлүндө турат. Адамдар арасында жабыркагандар тууралуу маалымат жок. (RK)

XS
SM
MD
LG