Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Чоң-Алайда дагы жер титиреди


Чоң-Алай
Чоң-Алай

Чоң-Алайда өткөн түнү дагы жер титирөө болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 3 баллга жеткен силкинүү эки жерде катталды, жабыркагандар жок.

3-майда жана 5-майда Тажикстанда күчү 7 баллга жеткен жер титирөө Чоң-Алайдын Шибе, Карамык, Кара-Тейит айылдарында 6 баллга чейин сезилген. ӨКМ маалыматына караганда, Чоң-Алай районунда 3-майдан бери түрдүү магнитудадагы 16 жер титирөө катталган, анын 8и төрт баллдан жогору болгон.

7-майда жалпы 1000 турак жай текшерилип, алардын 529у авариялык абалда экени аныкталган. Кооптуу жерде жашагандар убактылуу башка жактарга көчүрүлгөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG