Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:27

Согуш ардагерлери президенттен жардам алууда


Ошто эки ардагер президенттин атынан материалдык жардам алды. Муктар Нургазиев жана Базарбай Холматов менен бүгүн президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков барып жолукту.

Исаков мамлекет согуштун жана ооруктун ардагерлерине материалдык жана социалдык жактан колдоо көрсөтүү боюнча бардык тиешелүү чараларды көрүп жатканын айтты.

Ошондой эле Бишкекте үч ардагер президенттин атынан Жеңиш күнүнө карата материалдык жардам алды. Аппарат башчысынын орун басары Элвира Сариева согуш ардагерлери Шаабай Шатманов, Леонид Тузов, Асек Урманбетов менен жолукту.

Шаабай Шатманов Новороссийск, Керч, Брест, Варшава, Прага жана Берлин шаарларын куткарууга катышкан. Леонид Тузов 1-Белорус фронтунун курамында согушуп, оор жараат алган. Ал эми Асек Урманбетов Балтика фронтунда кызмат өтөп, аткычтар взводун башкарган.

1941-1945-жылдардагы Экинчи дүйнөлүк согушта немистик фашисттерге каршы күрөшкө 365 миң кыргызстандык мобилизацияланган.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бул согуштун ардагерлеринин жалпы саны 650нүн тегерегинде. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG