Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында Жеңиш күнүнө карата сүрөт көргөзмөсү ачылды. Мэриядан кабарлашкандай, ага түрдүү авторлор ар кайсы жылдары тарткан 100 сүрөт коюлду.
1941-1945-жылдардагы Экинчи дүйнөлүк согушта немистик фашисттерге каршы күрөшкө 365 миң кыргызстандык мобилизацияланган.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бул согуштун ардагерлеринин жалпы саны 650нүн тегерегинде. (RK)