Пакистандын тынчыбаган түндүк батыш аймагындагы кыздар мектебинин сыртында бомба жарылды. Пешавар шаарына жакын жерде орун алган бул жардыруудан эки полиция жаракат алганын, окуучуларга зыян келбегенин жергиликтүү полициянын башчысы кабарлады.
Окуя полициянын унаасы мектептин жанынан өтүп баратканда болгон. Социалдык тармактарга мектептин жардыруудан бузулган дарбазасынын сүрөттөрү жарыяланды. Жарылбай калган экинчи бомба зыянсыздандырылды.
Бул чабуулга эч бир тарап жоопкерчиликти ала элек. Бирок Пакистандагы талиптер кыздардын билим алуусуна каршылык билдирип келишет.