Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:58

Макрондун жеңиши евронун курсун көтөрдү


Эммануэл Макрон жана жубайы Брижит Троньё
Эммануэл Макрон жана жубайы Брижит Троньё

Франциядагы президенттик шайлоону борборчул талапкер Эммануэл Макрон жеңгени белгилүү болгондон кийин евронун курсу жогорулады.

Азиянын биржаларында евронун курсу соңку алты айдагы эң жогорку чекти көрсөтүп, бир евро 1,1023 долларды түздү. Токиодогу биржада евро 1,35% жогорулады.

Жекшембидеги президенттик шайлоонун экинчи турунда 47 миллион шайлоочу же жалпы добуш берүүчүлөрдүн 66 пайызы Макронду колдоду. Анын атаандашы, ашкере оңчул талапкер Марин Ле Пен 33 пайыздан ашык добуш алды.

XS
SM
MD
LG