Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:28

Ирандын коргоо министри Сауд Арабияга эскертүү жасады


Мухаммад бин Салман
Мухаммад бин Салман

Иран Сауд Арабиянын коргоо министри, мураскер ханзаада Мухаммед бин Салмандын сөздөрүн айыптап чыкты. Ирандын коргоо министри Хоссейн Дехган "Сауд Арабия туура эмес аракет жасаса, Мекке жана Мединадан башка бардык аймагы зыянга учурайт" деп айтканын "Тасним" жаңылыктар агенттиги жазды.

2-майда Мухаммед бин Салман Иранды мусулмандардын ыйык жерине ээ болгусу келет деп айыптаган.

"Биз Сауд Арабиянын ичинде кармаш башталганын күтүп отурбашыбыз керек. Биз кармаш башка тарапта, Сауд Арабияда эмес, Ирандын ичинде болгондой кылып иш алып барабыз",-деп айткан Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы.

Ал ирандыктар менен эч кандай диалог болбостугун кошумчалаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG