Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:00

Ооганстандын аба күчтөрү чыгыштагы Нангархар провинциясындагы "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун позицияларына сокку урду.

Ооганстандын Ички иштер министрлиги 8-майда кабарлагандай, соңку аба соккуларынан 34 согушкер мерт болду. Мындан тышкары экстремисттик топ мыйзамсыз колдонуп келген радио станция да жок кылынды.

7-майда АКШ менен ооган расмийлери өткөн айда дал ушул аймакта өткөрүлгөн биргелешкен аскердик операцияда "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун жергиликтүү лидери өлтүрүлгөнүн билдиришкен.

Ал тапта Вардак провинциясында да АКШ дрондорунун аба соккуларынан кеминде алты согушкер мерт болгону белгилүү болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG