Баткенде патрулдук милиция кызматкерин машинасынын капотунда сүйрөп өттү деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз бөлүмүнүн инспектору Эргешбай кызы Айсалкын маалымдады:
- Коомдук тартипти коргоо боюнча милдетин аткарып жаткан бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү менен бейбаштык аракеттерин жасаганы үчүн кылмыш иш козголду. Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат.
Эргешбай кызынын айтуусунда, кармалган айдоочу 27 жашта, ал Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын тургуну.
6-майда болгон окуяны күбөлөр чөнтөк телефонуна тартып алып, бул видео интернетте тараган. Анда патрулдук милициянын формасын кийген адамды жеңил унаанын капотунда сүрөп өткөнү көрүнүп турат. Мындай окуялар буга чейин Бишкекте да катталган. (RK)