Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:11

АКШ президенти Грузиянын өкмөт башчысын кабыл алды


Президент Дональд Трамп грузин премьер-министри Георгий Квирикашвилини кабыл алган сүрөтүн АКШ администрациясынын басма сөз кызматы таратты.

Грузиянын өкмөт башчысы 8-майда Ак үйдө вице-президент Жефф Пенс менен да жолугушту. Эки лидер 25 жылдан бери уланып жаткан АКШ-Грузия стратегиялык кызматташтыгын бекемдеп, дүйнөлүк коопсуздукка Грузиянын салымын белгилешти.

Жефф Пенс Ооганстанда НАТОнун курамындагы 31 грузин аскеринин өлүмү үчүн грузин элине ыраазычылык билдирди. Пенс АКШ администрациясы Грузиянын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн сактоодо ар дайым чогуу экенин билдирип, Грузиянын евроатлантикалык институттарга, анын ичинде НАТОго интеграция чечимин колдоого аларын маалымдады. Лидерлер эки өлкөнүн экономикалык жана соода мамилелерин бекемдөө жолдорун мындан ары да да иликтей берүүнү убада кылышты.

XS
SM
MD
LG