Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:21

Баткенде Жеңиштин 72 жылдыгы парад менен коштолду


Баткен, 2017-жылдын 9-майы
Баткен, 2017-жылдын 9-майы

Баткенде Улуу Жеңиштин 72 жылдыгы шаардын борбордук аянтынан башталды. Согушта курман болгондор эскерилип, белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбар коюлду.

Андан ары колуна согуштан кайтпай калган, кийин каза болгон ардагерлердин сүрөтүн кармаган тургундар «Өлбөс полк» жүрүшүн уюштуруп, борбордук стадиондо аскердик парад болду.

Баткен облусунан Экинчи дүйнөлүк согушка 22 миңден ашык жоокер аттанып, 14 миңи кайра кайткан эмес. Учурда облус аймагында 32 ардагер бар. (JsA)

XS
SM
MD
LG