Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

Жеңишке 72 жыл: Көк бөрү мелдешин Таластын "Ынтымагы" утту


Президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси, Көк бөрү федерациясынын жетекчиси Икрамжан Илмиянов жеңүүчүлөрдү куттуктоодо
Президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси, Көк бөрү федерациясынын жетекчиси Икрамжан Илмиянов жеңүүчүлөрдү куттуктоодо

Жеңиштин 72 жылдыгына жана чыгаан каскадер Үсөн Кудайбергеновдун элесине арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдешти Таластын "Ынтымак" командасы жеңди. Бишкектеги Ак кула ат майданында өткөн финалдык таймашта "Ынтымактын" оюнчулары Сокулуктун "Биримдик Аю" командасын 1:0 эсебинде утуп алды.

3-майда башталган мелдештерге 11 команда катышты. Бүгүн түшкө чейин 3-орун үчүн “Арашан” жана “Достук” командалары беттешмек, бирок "Достук" командасынын мелдештен четтетилгендигине байланыштуу 3-орун “Арашан” оюнчуларына берилди.

Финалдык таймаш башталар алдында Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков куттуктоо сөзүн сүйлөштү.

Мелдештин байге фондуна президенттик фонддон 500 миң сом, Жогорку Кеңештин атынан 300 миң сом, премьер министрден 250 миң сом бөлүнгөн.

Жеңүүчүлөр ээлеген ордуна жараша медалдар менен сыйланышты. 1-орунду алган Таластын "Ынтымак" командасына 500 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды. 2-орундагы "Биримдик Аюга" 250 миң сом, 3-орунга жетишкен "Арашан" командасына 150 миң сом берилди.

"Мыкты улакчы" наамы "Ынтымак" оюнчусу Карыпбек Эшиевге, "мыкты ат" наамы "Биримдик Аю" командасынын оюнчусу Кубаныч Султан уулунун Краз атына ыйгарылды. (ECh)

XS
SM
MD
LG