Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Ооганстандагы жардыруудан провинциянын улама башчысы өлдү


Парван провинциясы
Парван провинциясы

9-майдын таңында Ооганстандын түндүгүндөгү Парван провинциясындагы жарылуудан бир адам мерт болуп, төртөө жаракат алды. Бул тууралуу провинция губернаторунун орун басары Шах Вали Шахид билдирди.

Провинция борбору Чаракар шаарындагы медреседеги жарылуудан өлгөн адам Парвандын уламалар кеңешинин башчысы Абдул Рахим Ханафи экени кабарланат. Ал эми жарадарлар окуучулар.

Шахиддин айтымында, жардыруунун максаты аймактагы диний мекемелер жана диниятчыларга жетекчилик кылган Уламалар кеңешинин башчысын өлтүрүү болгон. Ушу тапта жарылма зат сабак өтүлүп жаткан бөлмөгө кантип алынып келингени иликтенүүдө.

Азырынча буга эч бир топ жоопкерчилик ала элек. Өткөн айда ооган өкмөтү менен кармашып келген Талибан кыймылы өлкө боюнча жазгы чабуулдарын баштарын билдирген болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG