Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Жакартанын губернатору динге шек келтиргени үчүн соттолду


Басуки Тжахаджа Пурнама
Басуки Тжахаджа Пурнама

Индонезия борбору Жакартанын губернатору динге шек келтиргени үчүн 9-майда эки жылга кесилди.

Басуки Тжахажа Пурнама чечимге каршы арыз берерин билдирүүдө. Ал эми сот кеңсесинин сыртындагы мусулмандар чечимди "Алла - улук" деген ураандар менен кабылдашты.

Христиан динин тутунган губернатордун мусулмандардын дарегине айткандары дүйнөдөгү бирден бир калкы жыш өлкөдө диний чыдамкайлыкка сынак болгону белгиленүүдө.

Пурнама өткөн жылы губернаторлук шайлоонун үгүтү учурунда ислам динин мазактаган деп шектелген. Бул аралыкта өлкөдө жүз миңдеген адамдар көчөгө чыгып, аны жоопко тартууну талап кылышкан. Натыйжада ал шайлоодо мусулман атаандашына утулду.

Пурнама 2014-жылы мурдагы губернатору Жоко Видодо өлкө президенттигине шайлангандан кийин Жакартаны жетектей баштаган.

XS
SM
MD
LG