Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:54

Нарында согуш курмандыктары эскерилди


Нарында бүгүнкү Жеңиш күнүндө “Өлбөс полк” жүрүшү өттү. Иш-чара шаардагы “Улуу Жеңишке 70 жыл” гүлбагындагы өчпөс отко согуш ардагерлеринин, облус жетекчилеринин гүлчамбар коюусу менен башталды.

Дээрлик үч чакырымдай уланган жүрүшкө жалпысынан 1 миңден ашык адам катышты.

Нарын жергесинен Экинчи дүйнөлүк согушка 18 миң 881 адам чакырылган. Анын ичинен согуш талааларында курман болуп же дайынсыз жоголгондордун саны 11 миң 547 адамды түзөт.

Советтер Союзунун Баатыры наамы Нарын облусунан Дайыр Асанов жана Анвар Чортековго ыйгарылган.

Бүгүнкү күндө облуста 24 согуш ардагери, 78 оорук эмгекчиси, 203 согуш ардагеринин жесири бар. (MiK)

XS
SM
MD
LG