Линктер

жума, 16-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 22:25

Жалал-Абад Жеңиш күнүн белгиледи


Жеңиш майрамы Жалал-Абад шаарында быйыл алгачкы жолу “Өлбөс полк” акциясы менен коштолду. Шаардын борбордук аянтынан колдоруна согуштан кайтпай калган жакындарынын сүрөттөрүн көтөргөн шаар тургундары ардагерлер менен бирге жөө жүрүш жасап, Жеңиш багына карай басышты.

Андан соң эстеликке гүлчамбар коюлуп, концерттик программа тартууланды.

Өз мезгилинде Мекенди коргоого Жалал-Абад шаарынан 10 миңден ашуун адам фронтко жөнөп кеткен. Азыркы тапта шаарда 11 согуш ардагери бар. Андан тышкары, концлагерлерде туткун болгон 2, оорукта каармандык көрсөтүп, Жеңишке салым кошкон 8 ардагер катарда. (RsK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG