Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:14

Палестин лидери Израил премьери менен жолугууга даяр


Махмуд Аббас (солдо) менен Биньямин Нетаньяху.
Махмуд Аббас (солдо) менен Биньямин Нетаньяху.

Палестина автономиясынын лидери Махмуд Аббас АКШ президентинин камкордугу астында Израил премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолугушууга даяр. Бул тууралуу ал 9-майда Германия президенти менен жолугушкан учурда билдирди.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп алгачкы чет өлкө сапарынын алкагында, 22-майда Израилге келери күтүлүүдө.

"Биз жакынкы күндөрү анын Вифлеемге сапарын чыдамсыздык менен күтүүдөбүз" деди Аббас.

Ал өткөн аптада Трамп менен Вашингтондо жолуккан. Анда да палестиналыктар "аны менен кызматташып, камкордугу алдында Израилдин премьер-министри менен жолугууга даярдыгын" айткан.

Трамп Израил сапарында "израилдиктер менен палестиналыктарды чыныгы жана бекем тынчтыкка жеткирчү жолду талкууларын" жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG