10-майда өтө турган "Ылдамдык жана коопсуздук" деген аталыштагы тегерек үстөл Улуттар уюмунун Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча төртүнчү глобалдык жумалыгы алкагында уюштурулууда. Анда жарандык коом жана Кайгуул күзөт башкармалыгы, активисттер жолдогу коопсуздукту камсыз кылуу, түрдүү кайгылуу окуяларды алдын алуу тууралуу пикир алышат. Бул тууралуу "Жол коопсуздугу" коомдук бирикмесинин өкүлү Нуркамал Максутова "Азаттык" радиосуна билдирди:
- Биз Мамлекеттик каттоо кызматынын, Билим берүү министрлигинин жетекчилерин да чакырдык. Анткени айдоочуларды окутуучу мектептерге уруксат лицензияларды Билим берүү министрлиги берет. Ошондой эле автомектептердин да пикирин угалы дегенбиз. Себеби алардын дарегине көп сын пикирлер айтылып жатат.
Иш-чараны "Жол коопсуздугу" коомдук бирикмеси менен "Автомектептер жана автоунаа сүйүүчүлөр ассоциациясы" уюштурууда.
Расмий маалыматтар боюнча, жыл башынан бери Кыргызстанда 1,5 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, 148 адам каза тапкан, 1686 киши ар кандай жараат алган.
Жол кырсыгынын 86 пайызы айдоочулардын ылдамдыкты ашырып жиберген учурлары жана жолдун каршы тилкесине чыгып кеткенинен болгон. Жыл башынан бери ылдамдыкты ашырып айдаган 322 учур катталса, андан 58 адам каза таап, 283 киши жараат алган. Ал эми жол тилкесинде туура эмес жүрүүдөн улам 275 жол кырсыгы катталып, андан 19 адам каза таап, 264 киши жараат алган. 123 жол кырсыгы айдоочулардын жолдун карама-каршы тилкесине чыгып кеткенинен болгон. Андан 26 адам каза таап, 121 киши жарадар болгон.
Мас абалында унааны айдап баратып жол кырсыгына кабылгандардын 101 учуру катталып, андан 12 адам каза таап, 97 киши жараат алган.
Өткөн жылы өкмөттө түзүлгөн мекемелер аралык комиссия айдоочулукка даярдоочу мектептердин отуз пайызга жакынын айдоочуларды окутканга тиешелүү шарты жок жана талапка жооп бербейт деп аныктаган.(ZKo)