Ак үйдүн маалымат катчысы Шон Спайсер: "Президент юстиция министри менен орун басарынын ФБРдин башчысын кызматтан алуу тууралуу сунушуна макул болду" деп билдирди. Бул чечим Жеймс Коми Конгрессте туура эмес маалымат бергенин ФБР мойнуна алгандан кийин кабыл алынып отурат.
ФБРдин башчысы конгрессмендерге Хиллари Клинтон өзүнүн жардамчысына жүз же миң электрондук катты жашыруун түрдө жибергенин айткан эле. Иш жүзүндө каттар аз эле болгон деп айтылат ФБРдин билдирүүсүндө. Жеймс Комиге жазган катында президент Дональд Трамп "ФБРге коомчулуктун ишеничин кайтара алгандай жетекчи издөө негизги маселе" экенин айткан.
Айрым демократтар Орусиянын президенттик шайлоого кийлигишкенин жана Дональд Трамптын шайлоо штабындагы адамдардын орусиялык байланыштарын иликтөөнү жетектеп турган Жеймс Комини кызматтан алуу тууралуу чечимди сынга алышты. Сенатор Ричард Блюментоп "эгер президент өзүнүн ишин иликтеп жаткан кишини кызматтан кетирсе, бул, менимче, анын бийлигинен пайдалануусуна жатат" деп билдирди. Бир нече сенатор орусиялыктардын кийлигишүүсү тууралуу иликтөөнүн башына көз карандысыз прокурор коюуга чакырышты. Ошол эле учурда айрым сенаторлор президенттин чечимин колдоп, бул кызматка эми адискөй, таза кишини коюуга президентти үндөштү.