Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:52

Бүгүн улуттук валютага 24 жыл толду


Кыргызстан эгемен өлкөлөрдөн алгачкылардан болуп, 1993-жылы 10-майда өзүнүн улуттук валютасын жүгүртүүгө киргизген. Андан берки аралыкта сомдун коргонуу элементтери бир нече жолу жаңыланып, күчөтүлгөн. Жаңы банкноттор пайда болгон.

Валюта киргизилген учурда эң кымбат банкнот 100 сом болсо, 2000-жылы 200, 500, 1000 сомдук, 2010-жылдан тарта 5000 сомдук банкнот жүгүртүүгө киргизилген. Кийинчерээк жүгүртүүдө 1, 3, 5, 10 сомдук металл акча пайда болду.

Кыргызстанга удаа эле мурдагы союздук республикалар да өздөрүнүн улуттук валютасын киргизишкен.

Башында 1 сом 25 АКШ центине барабар болсо, ушул тапта 1 доллар 67 сомдун тегерегинде. (ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG