Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Кыргызстандын зер базарынын 80% аткезчилик товары түзүүдө


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстанда сатылып жаткан зер буюмдардын дээрлик 80% өлкөгө аткезчилик жолу менен ташылып келген же колго жасалган. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште айтылды.

Талкууга Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекске өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коюлду.

Каржы министрлиги мындай мыйзам бузуулар менен күрөшүү үчүн 5-10 миң сомдук айыппул салуу чарасы натыйжа бербесин, андыктан кылмыш жообуна тартуу жагы каралып жатканын билдирүүдө. Тиешелүү мыйзам долбоору иштелип чыгууда.

Талкуу учурунда депутаттардын көбү зер базардагы абалды жөнгө салуу, жергиликтүү зергерлерди колдоо, аткезчилик менен күрөшүү чаралары дээрлик жокко эсе экенин сындап айтышты.

Депутаттардын айтымында, учурда Кыргызстандын зер базарында негизинен Кытайдан, Индия жана Түркиядан келген буюмдар сатылууда, Алар мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын пробаларына туура келбейт.

Былтыр, маселен, 362 сатуучу текшерилип, анын 279уна 1 млн 390 миң сомдук айыппул салынган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG