Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Беш конушка айыл макамы берилет


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстандагы айрым калктуу конуштарга айыл деген макам берүү пландалууда. Бүгүн бул маселе Жогорку Кеңеште талкууланды.
Парламенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына өткөрүү демилгеси каралып, мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этнос аралык мамилелер боюнча агенттиктин маалыматына караганда, азыркы учурда иш жүзүндө бар, бирок расмий түрдө айыл болуп эсептелбеген калктуу конуштардын саны 150дөн ашат.

Алардын катарына Баткен облусундагы Максат, Жезкен, Жалал-Абад облусундагы Коткор, Ош облусундагы Ак-Өргө, Улуу-Тоо конуштары кирет. Мындан сырткары, Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагындагы Жезкен конушунун тургундары да жыйын өткөрүп, аларга айыл макамын ыйгаруу тууралуу чечим кабыл алышканы белгилүү болду.

Эгер аталган 5 калктуу конушка айыл макамы берилсе, айыл башчылары дайындалып, бир катар жергиликтүү маанидеги социалдык-экономикалык маселелердин чечилишине өбөлгө түзүлөрү айтылууда.

Кыргызстанда 40 район, 31 шаар, 450нүн тегерегинде айыл аймагы бар.(RK)

XS
SM
MD
LG