Линктер

шейшемби, 19-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 04:34

Кыргызстанда акционердик коомдордун ишин жөнгө салган мыйзамдарды өзгөртүү сунушталууда. Бүгүн бул маселе Жогорку Кеңеште талкууланды.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөл кызматынын жетекчиси Санжар Муканбетов акционердик коомдун директорлор кеңешинин курамына көз каранды эмес мүчөлөрдү милдеттүү түрдө киргизүү каралып жатканын, бул эл аралык мыкты тажрыйбага туура келерин айтты. Ошону менен катар ири акционердин бүткүл компаниянын кызыкчылыктарынын эсебинен пайда көрүүсүнө бөгөт коюучу, тышкы аудиторду шайлоо боюнча директорлор кеңешинин укугун акционерлердин жалпы чогулушуна өткөрүп берүүчү механизмдер да каралууда. Ал эми кезексиз чогулушту чакыруу үчүн талап кылынган азыркы 20% добушту 10% төмөндөтүү сунушталууда.

Бирок талкуу учурунда айрым депутаттар мындай сунуштарга каршы экенин айтып чыгышты.

Маселен, депутат Дастан Бекешов көз каранды эмес мүчөлөрдү алуу тууралуу: "Америкада мындай мыйзам сөзсүз иштейт. Ал эми биздин менталитет боюнча "Менин айлыгым мындай болуш керек" деп дароо башталат. Аларды ишке алып, төлөө кимге пайдалуу болсун? "Чукуламай" башталат" деди.

Депутат Улугбек Ормонов “директорлор кеӊешинин көз каранды эмес мүчөсү” деген аныктама таптакыр туура эмес экенин айтты.

Натыйжада акционердик коомдордун ишин кайрадан ыраатташтурууга жана миноритардык инвесторлордун укуктарынын корголушун жакшыртууга багытталат деп сунушталган “Акционердик коомдор жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоордун концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Кыргызстанда мурдагы мамлекеттик ишканалардын көбү кийин рынок экономикасына өткөндөн кийин акционердик коом болуп кайра түзүлгөн. Ошону менен катар менчиктин башка формасындагы ишканалар да көп. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG