Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Караколдо зоопарктан качкан бөлтүрүк атылды


Каракол зоопаркындагы карышкырлар
Каракол зоопаркындагы карышкырлар

Караколдо зоопарктан чыгып кеткен карышкырдын бир жашар бөлтүрүгү атылды, шаар тургундарына коркунуч жок экенин "Азаттык" радиосуна зоопарктын жетекчиси Салтанат Сеитова билдирди.

- Биз дароо "Тазалыктын" жумушчуларына сигнал бердик. Зоопарктын аймагынан чыгып кеткенден кийин мен маалымдоого милдеттүү болчумун. Биздин уруксат менен бир сааттын ичинде ликвидация болду. Азыр тынч. Эч кимге кол салган жок.

Сеитова 9-майда карышкыр кармалчу торду белгисиз бирөөлөр кесип кеткенин, бөлтүрүк ошол жерден чыгып кеткенин кошумчалады. (AsM)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG