Ош облусунда Мырзаке - Кара-Шоро автожолунун 47 чакырымына таш кулап, Жазы дарыясын бөгөп калды. Бул тууралуу бүгүн Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты.
8-майда болжол менен түнкү саат 10до аталган жол тилкесине тоодон таш кулаган. Натыйжада суунун көлөмү өйдөлөп жолго чыгып, автоунаанын катташана оорчулук жараты жатат.
Азыркы убакта министрликтин №5 жол тейлөө ишканасы таштарды жардырып тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министирлиги менен макулдашуу жүргүзүп жатат. (RK)