Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

Могерини АКШнын БУУга каржыны азайтканын сындады


Федерика Могерини
Федерика Могерини

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини 9-майда АКШнын Бириккен Улуттар Уюмун каржылоосун кыскартуусун сындады.

Могерини биримдик Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун, Дүйнөлүк азык-түлүк программасын, ЮНИСЕФти жана башка түзүмдөрдү тынчтык үчүн зарыл деп санарын, андыктан алардын чыгымынын жарымын ыктыярдуу эле көтөрүп келатканын билдирди.

"Улуттар Уюмунун бул агенттиктерин жалпылап каржылоо бизге маанилүү. Алар глобалдык тынчтык жана коопсуздук үчүн коргоо тармагына бөлүнгөн каражат сыяктуу эле маанилүү. Кээде андан да маанилүү", - деди Евробиримдиктин башкы дипломаты.

Өткөн жумада Конгресс Кошмо Штаттардын бюджетин бекиткен. Анда БУУга бөлүнчү каражат 640 млн долларга кыскартылып, ошол эле маалда аскердик чыгым 15 млрд долларга өскөн.

XS
SM
MD
LG