Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Шайлоодо иштеген комиссия мүчөлөрүнүн баарына акы төлөнөт


Кыргызстанда мындан ары шайлоону өткөрүүгө катышкан бардык комиссия мүчөлөрүнө акы төлөнөт. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Өкмөттүн тиешелүү токтому 26-апрелде кабыл алынган. Ага ылайык, аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы менен катчысына 3500 сом, мүчөлөрүно 2500 миң сом төлөнөт. Ал эми участкалык комиссиялардын төрага жана катчыларына 3000 сом, мүчөлөрүнө 2000 сомдон төлөп берүү каралууда. Ошондой эле ар бир участокто отурган автоматтык үкөк операторуна 2000 сомдон берилет.

Кыргызстанда 28-майда айрым жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт, ал эми күзүндө президент шайланат. Акча шайлоо расмий башталгандан тартып жыйынтыкталганга чейинки мөөнөт үчүн берилет.

Буга чейин шайлоодо иштегени үчүн акыны аймактык жана участкалык комиссиялардын төрагалары менен катчылары гана алчу. Адатта бул ишке тартылган мугалимдер менен башка бюджеттик мекеме кызматкерлерине акы төлөнчү эмес. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG