Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 10:14

Талас шаарынын вице-мэри болуп 36 жаштагы Чыңгыз Мураталиев шайланды.

Шаардык кеңештин бүгүнкү жыйынына катышкан 27 депутаттын баардыгы анын талапкерлигин бир добуштан колдоп бергенин "Азаттык" радиосуна "Мекеним Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Элмира Сүйүтбекова билдирди.

Мураталиев кесиби боюнча юрист. Эмгек жолун ветеринардык лабораторияда айдоочулуктан баштаган. Соңку шайлоодо Талас шаардык кеңешине КСДП фракциясынын курамында депутат болуп келген.

Мурдагы вице-мэр Азат Койчубековдун өз каалоосу менен кызматтан кеткенине бир айдан ашып калды.

Мамлекеттик кадр кызматынан "Азаттык" радиосуна кабарлашкандай, соңку жылдары шаар жетекчилигине келип жаткан кызматкерлердин көбүнүн жаш курагы 30дун тегерегинде боло баштады. (AlS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG