Астананын тургуну Несипкүл Уябаева үйүн буздурууга каршы чыгып, дубалдын сыртына Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин портретин чаптап чыкты.
Бул үчүн Уябаева жүзгө жакын сүрөттү түстүү принтерден чыгарып келген.
"Мени ким коргойт? Аткаминерлер, акимдер коргомок турсун, өз жеримден, өз үйүмдөн сүйрөп чыгып, талаага таштаганы жатышат. Алар кудайдан коркпосо, президентибиз бар. Ошол үчүн жабыштырып чыктым", - дейт ал.
Жашы өтүп калган аялдын айтымында, ал үйдө сиңдиси жана дагы беш киши чогуу жашашат. Анын экөө балдар. Алар акимиат сунуштаган 4,7 млн тенге (950 миң сомго жакын) каражатка үй келбесин айтышууда. Калаа бийлиги үй "мамлекеттик зарылчылыктан улам" түрттүрүлөрүн билдирген.
Апрель айында Нурсултан Назарбаев "ЭКСПО-2017" эл аралык көргөзмөсү жакын калганына карабай Астанадагы эски жер үйлөр алынбай жатканына ачууланган. Президент алар шаардын көркүн бузат деп эсептейт.