Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

Сирия элчиси Кытайды террорчулукка чара көрүүгө чакырды


Сирия
Сирия

Шинжаң-уйгур автоном районунан чыккан беш миңдей уйгур Сирияда согушуп жүргөнүн Сириянын Кытайдагы элчиси Имад Мустафа билдирди. Элчи Бээжинди буга каршы чара көрүүгө чакырды:

"Албетте, Кытай деле башка мамлекеттердей эле Сириядагы террор уюмдары боюнча тынчсыздануусун билдирип келет. Биз ич ара экстремисттик топтор боюнча, жана башка маалыматтарды алмашып жатабыз", деди элчи.

Билдирүү шейшембиде Бээжинде өткөн сириялык ишкерлердин форумунда жасалды. 30дай сириялык ишкер алты жылдан бери басылбай жаткан согуштан жабыркаган өлкөгө кытай инвесторлорун тартууну көздөшүүдө.

Имад Мустафанын айтымында, кытайлык уйгурлар "Ислам мамлекети" радикал уюмунун катарында гана согушпастан, Сирияда өз топторун да түзүп алышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG