АКШ президенти Дональд Трамп Федералдык иликтөө бюросунун жетекчиси Жейс Комини кызматтан кетирген чечимин коргоп, 10-майда Твиттерге бир нече билдирүү жазды.
Комини "андан мыкты иштеген, ФБРдин престижи менен духун кайра кайтарган адам алмаштырат" деп жазды Трамп Твиттер баракчасына.
"Коми Вашингтондогулардын дээрлик бардыгынын, республикачылар менен демократтардын ишениминен кетти. Баары тынчтанганда мага ырахматын айтышат", деп да кошумчалады.
Президенттин бул кадамы Вашингтондогулардын көбүн таң калтырды. Демократ конгрессмендер ФБРдин Орусия боюнча иликтөөсүнө Ак үй бут тосууга далалаттанууда деп сындашты.
ФБР өткөн жылкы АКШдагы президенттик шайлоо кампаниясына Орусия кийлигишкен, бул Трампка жардам берүү максатында болгон деген айыптоолорду иликтеп жатат.
Аз убакыт мурда Хиллари Клинтон Си-Эн-Эн телеканалына маек куруп, өзү тууралуу маалыматтарды үгүт учурунда жарыялап жибергени үчүн Комини айыптап, шайлоодо жеңилишине салым кошконун айткан.