Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Вашингтон: ФБР башчысын кызматтан кетирүү мурдатан эле мерчемделген


Жеймс Коми.
Жеймс Коми.

Дональд Трамп президент болуп шайлангандан бери эле ФБРдин башчысын кызматтан алууну ойлоп жүргөн деп билдирди Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс. Анын сөзү боюнча, Жеймс Коми өзүнүн "катачылыктары менен" президенттин ишеничинен кеткен.

Бир ай мурда эле президент ачык мактап жаткан Жеймс Коми Трамптын штабындагы адамдардын орусиялык кызматкерлер менен байланышы бардыгын иликтөөнү көзөмөлдөп жаткан. Коми өзүн кызматтан кетирүү тууралуу жарыядан кийин эч кандай пикир билдирген жок. Сенаттын чалгын комитетинин эки мүчөсү Коми кийинки аптада Сенатка келип, түшүндүрмө берүүсүн талап кылышууда.

9-майдагы билдирүүсүндө президент Трамп ФБРдин башчысы иликтөөнү туура эмес жүргүзгөн деп айткан.

10-майда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуудан кийин да Трамп өз чечими тууралуу түшүндүрмө берип, ФБРдин башчысын "ал жакшы иш кылган жок" деп кайталады. Мурдараак президент Трамп Твиттердеги баракчасына Коми баарынын: демократтардын да, республикачылардын да ишеничинен чыкканын белгилеп, "Баары тынчыганда алар мага рахмат айтышат" деп жазган.

Жеймс Коминин кызматтан кетүүсү менен АКШ тарыхында экинчи ирет ФБРдин башчысы кызматтан алынууда. 1993-жылы президент Билл Клинтон ошол кездеги ФБРдин башчысы Уильям Сешнсты этикалык жагдайларга байланыштуу кызматтан алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG