Райондун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Өлөң-Булак айылында 9-май күнү саат 05:00 чамасында көлөмү 4800 м3 болгон жер көчкөн. Жер көчкү турак жайларга 100 метр жетпей калган жана 7-8 үйгө коркунуч жаралган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, ушул тапта жергиликтүү элди жакын туугандарынын үйлөрүнө көчүрүү боюнча иш жүрүп жатат. Жабыркаган адамдар жок.
Аксы району жер көчкү көп катталган аймакка кирет.
2009-жылы Аксы районунун Райкомол айылында жер көчкү жүрүп, андан 16 адам набыт болгон. Алардын 11и мектеп жашындагы балдар болчу. (ZKo)