Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:35

Түрк прокуратурасы Машариповду 2397 жылга эркинен ажыратууну сурады


Абдулкадыр Машарипов.

Стамбул прокуратурасы Жаңы жыл түнү "Рейна" түнкү клубуна кол салган Абдулкадыр Машариповго 40 кишинин өмүрүн кыйганы үчүн 40 кылмышкерге берилүүчү өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын - 2397 жылдык абак мөөнөтүн сурады. Бул тууралуу Sabah түрк басылмасы билдирди. Буга чейин Машарипов соттон өлүм жазасына тартууну өтүнгөн болчу. Ал «конституциялык түзүмдү кулатуу аракетин көргөн, террордук акты жасаган, көптөгөн адамдарды өлтүргөн жана мыйзамсыз курал сактаган" деп айыпталууда.

Өз көрсөтмөсүндө Машарипов алгач Стамбулдун “Таксим” аянтында жардыруу уюштурууну мерчемдегенин, бирок ал жакта коопсуздук чаралары күчөтүлгөндүгүнө байланыштуу "Рейна" клубуна кол салганын билдирген. Анда 40 киши өлүп, 70 адам жаракат алган.

Машарипов теракттан бир нече жума өткөндөн кийин кармалган. Колго түшүрүү маалында анын батиринен эки тапанча, 197 миң АКШ доллары, дрон жана SIM-карталар табылган. Түркиянын укук коргоо органдары ал акчалар Машариповго теракт жасагандыгы үчүн берилген болушу мүмкүндүгүн билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG