Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:04

Билим берүү жана илим министрлиги айдоочуларды даярдаган 210 мектепти текшерип, анын 102сине эскертүү берди.

Бул тууралуу аталган мекеменин лицензия берүү бөлүмүнүн адиси Алисултан Ташиев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, текшерүүдө автомектептердин талапка жооп бербегени, материалдык-техникалык базасында мүчүлүштүктөр аныкталган.

Буга чейин премьер-министр Сооронбай Жээнбеков айдоочулук күбөлүктөрдү алуу үчүн жасалма документтерди даярдаган автомектептердин жоопкерчилигин кароо маселесин көтөргөн.

Өлкөдө 220га жакын автомектеп бар. Аларга лицензияны Билим берүү жана илим министрлиги берет. (KE/NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG