Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагындагы Курбу-Таш жана Маркс айылдарынын ортосунда жер көчкүнүн жылышы уланууда.
10-майга карата 45 турак жай, бир ФАП, айылдагы мечит жана 35 электр мамысы, көрүстөн, мектеп топурак алдында калды.
Өткөн жумада куткаруучулар бул мектептин курулуш материалдарын бузуп алышкан.
Кооптуу аймакта жалпы 61 үй, төрт социалдык объект - мектеп, бала бакча, ФАП жана мечит жайгашкан. Жашоочулар коопсуз жактарга көчүрүлгөн. Бул жерде жер көчкү 24-апрелден тарта активдеше баштаган. (NT)