Президент Алмазбек Атамбаев премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен жаратылыш кырсыктарынан жабыркагандарга жардам көрсөтүү маселесин талкуулады. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, жолугушууда Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жер титирөө, Өзгөн районундагы жер көчкүдөн жапа чеккендердин абалына көңүл бурулду.
Жээнбеков кырсыктын кесепеттерин жоюу, кооптуу аймактардагы элдин коопсуздугун камсыздоо аракеттери жөнүндө маалымат берди. Атамбаев жардам берүү жана калыбына келтирүү иштерин өз мөөнөтүндө аткарууну тапшырды.
Чоң-Алай районунда 3-майда катуу жер титирөө болуп, жүздөгөн үйлөрдөн жарака кеткен. Силкинүү кайра-кайра кайталанып, эл чатырларга көчүрүлгөн. 29-апрелде таңга маал жүргөн жер көчкү Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу-Сай айылында жети үйдү басып, 24 адам анын алдында калган. (NT)