АКШнын Түштүк Калифорния университетинин инженерлери смартфон аркылуу медициналык кеңештерди алууга мүмкүнчүлүк түзгөн программа ойлоп табышты. Тиркемедеги виртуалдык дарыгер бейтаптын сөзүн түшүнүп, атургай аны менен сүйлөшүп, суроолоруна да жооп бере алат.
Университет кызматкери, доктор Лесли Саксон тиркеме медициналык кызматкерлердин убактысын үнөмдөп, чыныгы жардамга муктаждарга көңүл бөлүүгө жардамдашат деген ойдо.
“Келечекте медициналык тейлөөлөрдүн көбү имараттардын ичинде эмес, санарип платформалар аркылуу ишке ашат деген ойдобуз”, дейт Саксон.
Адистер жаңы тиркемелер келечекте бейтаптарга бир гана кеңеш бербестен, смартфондун сенсорунун жардамы менен адамдын дене табы, кан басымы сыяктуу көрсөткүчтөрүн билүүгө болот деп ишенишет.