Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:28

БУУ адам укугу боюнча комиссары Өзбекстанга келди


Зейд Раад аль-Хусейн
Зейд Раад аль-Хусейн

БУУнун адам укуктары боюнча башкы комиссары Зейд Раад ал-Хусейн Ташкентке келди. Бул Өзбекстан эгемендик алгандан бери уюмдун адам укугу боюнча жогорку өкүлүнүн биринчи сапары.

Комиссар президент Шавкат Мирзиёев баштаган расмийлерге жолукту.

Эл аралык "Хьюман Райтс Уотч" уюмунун Борбор Азия жана Европа боюнча директору бул Мирзиёев үчүн каримовдук баракты жабуу мүмкүнчүлүгү экенин Твиттерге жазды. Маркум өзбек президенти Ислам Каримов каяша айткандарды куугунтуктап, чейрек кылым өлкөсүн катуу чеңгелде кармаганын укук коргоочулар айтып келишкен.

"Хьюман Райтс Уотчтун" медиа боюнча жетекчиси Эндрю Строэлейн "Эгер Өзбекстан чын эле багытын өзгөрткөнүн көрсөткүсү келсе, анда сапардан да көп нерселерди ала алат. Миңдеген саясий туткундарды бошотуудан баштагыла" деп жазды.

Шавкат Мирзиёев өткөн жылдын сентябрынан бери бийликте. Талдоочулар анын акыркы кадамдарын, анын ичинде саясий туткун делип жылдап абакта жаткан айрымдарды бошотуусун кубатташууда.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG