Кыргызстанда 12-майда жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11...16, күндүз 26...31;
Таласта түнкүсүн 10...15, күндүз 26...31;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11...16, күндүз 27...32;
Баткенде түнкүсүн 11...16, күндүз 27...32;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 6...11, күндүз 19...24;
Нарын облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25 градуска чейин жогорулайт.
Бишкекте 12-майда күн ачык болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14...16, күндүз 29...31 градуска чейин ысыйт.