Кытайдын Тажикстан менен чегине жакын аймакта жер титиреп, кеминде сегиз адам өлүп, жыйырма үч киши жаракат алды.
Кытай бийлигинин билдиришинче, 11-майдын таңындагы жер силкинүүнүн күчү очогунда 5,5 баллга жеткен. Андан Шинжаң-Уйгур автоном районунун этникалык тажиктер жашаган Ташкоргон аймагы жабыркаган.
Жергиликтүүлөрдүн билдиришинче, 1500дөн ашуун турак жай катуу жабыркаган. Өзгөчө Кузгун айылында кыйроолор көп экени кабарланат.
Кытайлык маалымат каражаттары он миңдей киши коопсуз жайга көчүрүлгөнүн жазышты.
Ташкоргон аймагы Кытайдын Пакистан, Ооганстан жана Тажикстан менен чектешкен жеринде орун алган.