Санкт-Петербург метросундагы жардырууга шектелип кармалгандардын үчөөнө теракт уюштуруу жана жарылма затты мыйзамсыз алып жүрүү боюнча айып тагылды. Бул тууралуу Орусия Тергөө комитетинин сайтына жазылды.
Комитет терактка байланыштуу жалпы он адам кармалганын, үчөөнөн башкасына да жакында айыптары угузуларын ырастайт.
3-апрелдеги жардыруудан мерт болгондор жанкечтини кошкондо 16 кишиге жетти. Ага шектелгендердин көбү борборазиялыктар экени кабарланган. Ал эми жанкечтинин өзү Кыргызстанда туулган Орусия жараны деп маалымдалган.