Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:48

Казак журналисти кесиптик эрдиги үчүн сыйланды


Сания Тойкен
Сания Тойкен

"Азаттыктын" казак кызматынын журналисти Сания Тойкен Медиадагы аялдардын эл аралык фондунун "Журналистикадагы эрдиги үчүн" сыйлыгына татыды.

Казакстандын Актау шаарында иштеген Тойкенге ишмердигине байланыштуу бир нече жолу куугунтук, коркутуулар болгон. Фонд журналист кеминде жети жылдан бери казак бийлигинин тыкыр көзөмөлүндө экенин белгилейт.

2011-жылы Сания Тойкен саналуу журналисттердин катарында Жаңы-Өзөндө айлап иш таштаган мунайчылардын акциясын чагылдырып турган.

2016-жылы жер маселеси боюнча митингдерди чагылдыруу учурунда аны полиция бир нече жолу кармаган.

Сания Тойкен бул сыйлыкты алган экинчи борборазиялык журналист. Буга чейин фонддун бул наамына белгилүү журналисттер Кристиан Аманпур (1994), Анна Политковская (2000), Хадижа Исмаилова (2012), Жанна Немцова (2015) жана Замира Сыдыкова (2000) татышкан.

XS
SM
MD
LG