Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:20

БШК: Бардык талапкерлер үчүн калыс атаандаштык шарты түзүлгөн


Кыргызстанда шайлоого талапкер катары катышуучулар үчүн калыс жана реалдуу атаандаштык шарты түзүлгөн. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте шайлоо маселесине арналган жыйында сүйлөп жатып Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Ал шайлоо процессин мыкты деңгээлде уюштуруу менен катар талапкерлер ортосунда калыс атаандаштыктын болушу маанилүү экенин белгиледи.

"Жарандык көзөмөл комитети" уюму бүгүн Бишкекте "Таза шайлоо - туруктуулуктун жана тынч бийлик алмашуунун негизи" деген темада жыйын курууда. Уюштуруучулардын айтымында, негизги максат - алдыдагы президенттик шайлоого даярдык жана аны таза, тынч өткөрүү эрежелерин тактоо.

Талкууга экс-президент Роза Отунбаева, экс-премьер-министрлер Феликс Кулов, Темир Сариев, "Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев жана башка саясатчылар катышууда.

Быйыл Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Анын так датасы азырынча жарыялана элек. (RK)

XS
SM
MD
LG